Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басарлары кызматтан бошотулду

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басарлары Нурболот Үсөнбаев жана

Мадамин Каратаев кызматтан бошотулду. Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей,

мындай чечим өкмөт тарабынан кабыл алынды. Анын себеби айтыла элек. Эске салсак, Каратаев

министрдин орун басары кызматын 2018-жылдын июнь айынан бери ээлеп келсе,

Үсөнбаев 2020-жылдын апрелинен тартып иштеп жаткан.