Кыргызстан жана Өзбекстан кыргыз-өзбек чек арасын демарциялоо суроолорун талкуулады. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, делегациялар 4-8-март аралыгында Ошто жолукту.
Эки тарап өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарып, 2024-жылга жолугушуулардын графигин түздү.
Андан тышкары, карта түзүү суроосу көтөрүлдү. Жыйынтыгында протоколго кол коюлду. Кийинки жолугушуу Өзбекстан аймагында өтөт.