Чек ара жаңжалында каза болгондор жок

Чек ара жаңжалында каза болгондор жок. Буга чейин бул боюнча тараган маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу 24 агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

 

Ведомстводон белгилешкендей, кыргыз тараптан курман болгондор тууралуу билдирүү түшкөн жок. Учурда Бишкектен Баткенге медицина кызматкерлерин жөнөтүү үчүн топ түзүлүп жатат. Зарылчылык болсо, дарыгерлер жерине жөнөтүлөт.

 

Кошумчалап кетсек, учурга карата чек ара жаңжалында 31 адам жабыркаганы тууралуу айтылууда.