Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун азаюусу уланууда

Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун азаюусу уланууда. Соңку маалыматка ылайык, башкы резервуарда учурда 7,5 миллиард кубометр суу бар.

 

Суу критикалык ченге түшүп кетет деген коркунуч жаралды.

 

Андыктан, адистер жарандарды электр энергиясын үнөмдүү колдонууга чакырып келет. Токтогул суу сактагычынын суткалык чыгымы, агып кирген сууга салыштырмалуу 4 эсе көп болууда. Бул суунун аз келүү мезгилине жана электр энергиясын колдонуу көрсөткүчү өсүп жатканына байланыштуу, — дешет энергетиктер.