Кыргызстан ЖККУнун курамынан чыгуу ниети жок

Кыргызстан ЖККУнун курамынан чыгуу ниети жок. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов билдирди.

 

Белгилеп кетсек, мындай маалымат Кыргызстан “Бузулбас боордоштук” машыгууларына катышуудан баш тарткандан кийин тараган. Иманкуловдун айтымында, окуулар кийинки мезгилге жылдырылды.

 

Буга кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал себеп болгон. Бирок бул Кыргызстан ЖККУдан чыгат дегенди билдирбейт, анткени уюм башка коркунучтарда жардамга келет, — деди Иманкулов.