Бишкек көчөлөрүн көрктөндүрүү иштери уланууда

“Бишкек жашылдандыруу” муниципалдык ишканасы бир жылдык гүлдөрдү отургуза баштады.

Мэриянын маалыматына караганда, ордо калаа көчөлөрүндө агерАтум, сАльвия, георгин жана

башка түрдүү гүлдөр пайда болот. Назик өсүмдүктөр жай башталганда гүл ача баштайт.

Белгилеп кетсек, ишкана жалпысынан 1,5 миллиондон ашык гүл отургузууну пландап жатат.