Ысык-Көл облусунун мектептери бүгүнтөн тарта салттуу форматта иштеп баштады

Ысык-Көл облусунун мектептери бүгүнтөн тарта салттуу форматта иштеп баштады. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Буга чейин парталарына эки мектептин окуучулары гана кайтып келген.

 

Кеп, Эңилчек жана Ак-Шыйрак айылдарынын орто мектептери тууралуу болуп жатат. Анткени, аларда окуучулардын саны аз болуп, андан тышкары интернет туруктуу берилбей калган.