Билим берүү жана илим министрлиги окуучулардын аралыктан билим алуусу үчүн бир катар сайттардын тизмесин жарыялады.
Эске салсак, коронавирустан улам Кыргызстанда 8-апрелден тарта мектеп окуучулары аралыктан окутулат.
Сунуш кылынган билим берүү сайттарынын тизмеси:
- http://www.oku.edu.gov.kg/;
- kitep.edu. gov. kg;
- https://www.ibilim.kg/;
- https://www.bb.edu.gov.kg;
- https://lib.kg;
- https://lib.kg;
- www.mozaweb.com;
- https://www.yaklass.ru;
- http://www.testing.kg.
Белгилей кетсек, 8-апрелден тарта IV чейректин сабактары КТРдин «Баластан» (1-4-класстын окуучулары жана бала бакчалардын бүтүрүүчү тайпалары үчүн), ЭлТРдин «Илим-Билим» (5-11-класстын окуучулары үчүн) каналдарынан жана «Санат», «Пирамида», «5-каналдарынан» өтүлөрү айтылган.
Мындан тышкары, интернетке акчасы жок окуучулар теледен видеосабакты угуп, үй тапшырмаларын WhatsApp, Zoom, Google Classroom тиркемелери аркылуу мугалимине жөнөтүп турат. Аталган тиркемелер MegaCom байланыш түйүнүнүн сим-картасы менен бекер болот.