Бишкектин башкы санитардык дарыгери 2-6-класстын окуучуларын мектепте билим алышына расмий уруксат бере элек

Бишкектин башкы санитардык дарыгери 2-6-класстын окуучуларын мектепте билим алышына расмий уруксат бере элек. Бул тууралуу 24 агенттигине ордо калаа вице-мэри Виктория Мозгачева билдирди.

 

Анын айтымында, балдарды кайра кабыл алууга мектептер даяр. Сабактардын жүгүртмөсү түзүлдү, шайлоолордон кийин дезинфекция жүргүзүлдү. Бирок Мамлекеттик санэпидем көзөмөл инспекциясы тарабынан атайын алгоритм иштелип чыгып, расмий уруксат берилиши керек болчу.