Кыргызстанда 30 мектеп оңдоп-түзөөдөн өтөт

Кыргызстанда 30 мектеп оңдоп-түзөөдөн өтөт.

Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда,

иштер Дүйнөлүк банк каржылаган долбоордун алкагында аткарылат.

Ведомстводон белгилешкендей, 14 авариялык абалдагы мектеп түрттүрүлүп,

жаңыдан салынат. Калган мекемелерди бардык талаптарга жооп бере тургандай

капиталдык ремонттон өткөрүү пландалууда. Учурда калыбына келтирүү

боюнча долбоордун документтерин даярдоо иштери жүрүп жатат.