Чаткал районундагы Каныш-Кыя айылында жаңы мектеп пайда болот

Чаткал районундагы Каныш-Кыя айылында жаңы мектеп пайда болот.

Район акими Жуманалы Накетаевдин айтымында, курулуш иштери июнь айында башталган.

Учурда билим берүү объектисинин пайдубалы түптөлүүдө. Жаңы окуу имараты 2 кабаттуу болуп,

150 орунга чакталат. Долбоорго ылайык спорт зал, чоң зал, китепкана жана информатика классы болот.

Белгилеп кетсек, буга чейинки билим берүү мекемеси мындан 32 жыл мурда ашар жолу менен курулган.

Имарат авариялык абалда деп табылган.