“Оскар” сыйлыгын тапшыруу аземи кайрадан алып баруучу менен өтөт.
Бирок, иш-чараны алып баруучулукка талапкердин ысымы азырынча айтылган жок.
Сыйлыкты 94-ирет тапшыруу аземи Лос-Анджелесте 27-мартта өтөт. Ал эми
номинанттар 8-февралда жарыяланат. Эске салсак, “Оскарды” тапшыруу
акыркы ирет алып баруучу менен 2018-жылы өткөн. Акыркы убактарда
ар кандай себептер менен алып баруучусу жок эле өтүп келген.