Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Индияда өтө турган эл аралык турнирге катышат. Беттеш март айына белгиленди. Жеңиш үчүн Индия, Кыргызстан жана Мьянма курамалары топ талашат.
Эске салсак, 2021-жылдын сентябрында мындай турнир Бишкекте Кыргызстан, Палестина жана Бангладеш командаларынын катышуусу менен өткөн. Анда жеңиш кыргызстандык футболчулар тарабында болгон.