Балыкчы – Кочкор темир жолунун курулушу кызуу жүрүүдө

Балыкчы – Кочкор темир жолунун курулушу кызуу жүрүүдө.

 

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиевдин айтымында, учурга карата темир жолдун бир чакырымы салынып бүттү.

 

Жолдун жалпы узундугу 63 чакырымды түзөт. Буга чейин президент администрациясынан билдиришкендей, аталган темир жол 1-2 жылда Кочкорго чейин, андан ары Кара-Кече кенине чейин курулат. Келечекте Кара-Кечеден ары Макмалга жана Жалал-Абадка жеткирүү пландалууда.