Түркия менен Сирияда зилзаладан көз жумгандар 8 миңден ашты

Түркиянын вице-президенти Фуат Октай катуу жер титирөөдө мерт болгондордун саны 6434гө жеткенин, дагы 37 миңден көп адам жараат алганын билдирди. Фуат Октай учурда 16 миңдей куткаруучу иштеп жатканын, чет өлкөлөрдөн дагы жардамга келишкенин билдирди.

Reuters менен CNN Сириянын бийликтерине шилтеме кылып, бул мамлекетте 1832 киши көз жумганын, 4 миңдей тургун жабыркаганын жазды. Сирияда миңдеген турак жай кыйрады. Жер титирөөдөн Дамаск, Латакия баштаган ондогон шаар жабыркады.

Ушуну менен эки мамлекетте набыт кеткендердин саны 8 миңден ашты.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эсебинде, жер титирөө жалпысынан 23 миллиондой адам жашаган аймакта болду жана уюмдун божомолунда набыт кеткендердин жалпы саны 20 миңден ашышы мүмкүн. Учурда урандыларды тазалоо, куткаруу иштери уланып жатат.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган өлкө түштүгүндөгү он шаарда үч айлык өзгөчө абал жарыялады. Эрдоган бул апаат 1939-жылдагы жер силкинүүдөн берки ири каргаша болуп калганын билдирген.

Түркия менен Сирия чектешкен аймакта 6-февралда таңга жуук күчү 7,8 баллга жеткен зилзала болгон. Түш оой аймакта күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөө кайталанган.