Кыргызстанда абитуриенттер үчүн окууга тапшырууга 366 факультет бар.
Университеттер ар бир багыт боюнча келишимдик акынын баасын, тизмесин жана
шарттарын жарыялады, — дешти Билим берүү министрлигинен. Толук тизме менен
2020.edu.gov.kg сайтынан таанышууга мүмкүн. Кененирээк маалыматты
1919 кыска номуру аркылуу билсе да болот.