Кыргызстанда дыйкан-чарбалык боюнча маалыматтардын ачык базасы түзүлөт

Кыргызстанда дыйкан-чарбалык боюнча маалыматтардын ачык базасы түзүлөт.

Айыл-чарба министри Тилек Токтогазиевдин айтымында, учурда маалыматтарды

чогултуу жүрүп жатат. Иштер аяктагандан кийин, бардык маалыматтар

электрондук картага киргизилет. Анда турган жери жана алар эмне менен

алектенгени көрсөтүлөт. Электрондук база жарандарга өлкөдө

ким эмне өндүрүп жатканын жакшы таанып билүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берет.