Турак-жайга ижара акысы эң жогору болгон шаарлар аталды

Турак-жайга ижара акысы эң жогору болгон шаарлар аталды. Тизмеде биринчи орунду Нью-Йорк ээлейт, бул жерде жумасына чарчы метрди ижарага алуу 17 еврону түзөт.

 

Экинчи орунда 15 евро менен Гонконг турса, үчилтикти Токио бекитет – 13 евро. Рейтингге ошондой эле Лос-Анжелес, Париж, Москва, Лондон, Сеул, Амстердам жана Сан-Франциско кирди. Эксперттер белгилешкендей, өткөн жылы элиталык турак-жайды ижарага алуу акысы 2,5 пайызга арзандады. Бул коронавирус пандемиясына байланыштуу.