Кыргызстанда “Алтын тамга” сынагы өтүп жатат.
novosti.kgге улуттук тестирлөө борборунан билдиришкендей,
жалпысынан 1 миң 638 адамдан арыз түштү. Ош жана Баткен облустарынын бүтүрүүчүлөрү тест тапшырышты,
3-июндан тартып өлкөнүн түндүк аймактарындагы окуучулар текшерилет. Тестирлөөнүн жыйынтыгын
15-июнга чейин чыгаруу пландалууда. Эске салсак, “Алтын тамга” сынагына 11-класстын кызыл аттестатына
талапкер окуучулары катышат. Өзгөчө үлгүдөгү документтерге тестирлөдөн ийгиликтүү өткөн бүтүрүүчүлөр гана ээ болот.