Кыргызстанда жаңы окуу жылы 1-сентябрда башталат

Кыргызстанда жаңы окуу жылы 1-сентябрда башталат, — дешти Билим берүү министрлигинен. Бул ирет расмий түрдө. Кеп мектептер, колледждер жана жогорку окуу жайлар тууралуу болуп жатат.

 

ЖОЖдорго абитуриенттерди кабыл алуунун күндөрү дагы өзгөртүлөт. Эске салсак, өткөн жылы окуу жылы адаттагыдан айырмаланып, 15-сентябрда башталган. Окуучулар күндүн ысыгында 9-июнга чейин окууга аргасыз болушкан.