Ушул айдын аягына чейин 4,5 миң бүтүрүүчү паспортторун колго алат. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, документтерди тапшыруу апрелдин башында башталган, 21-майга чейин бардык бүтүрүүчү паспортко ээ болушу күтүлүүдө.
Документтер бүтүрүүчулөрдүн жалпы республикалык тестирлөөгө катышуусуна уруксат берүү үчүн берилип жатат. Даяр паспорттор аларга жашаган жери боюнча калкты тейлөө борборлорунда тапшырылат.