Кыргызстан менен Казакстан биргеликте соода-логистикалык төрт борбор курат.
Тиешелүү макулдашуу жетишилди, — деп билдирди айыл чарба министри Аскар Жаныбеков.
Анын айтымында, Чүй облусунда үч борбор салынса, төртүнчүсү Ысык-Көлдө пайда болот.
Объектилер товарларды Казакстанга экспорттоо үчүн жана транзит менен алып өтүү
максатында тургузулат. Долбоорду казак тарап каржылоого даяр.
Учурда шарттары талкууланып жатат.