Мектептерде ата-энелер чогулткан акчаны көзөмөлдөөчү электрондук модуль иштелип чыгат. Билим берүү министринин кеңешчиси Расул Абазбек уулу билдиргендей, ал “Мектепке электрондук кезек” сайтында жайгаштырылып, ата-энелерге жеткиликтүү болот.
Анда мектеп фондуна чогулган акчанын суммасы, ал кайда багытталып жатканы тууралуу жазылып турат. Белгилеп кетсек, буга чейин Кыргызстанда мектеп фондуна ата-энелер тарабынан акча чогултуу боюнча бир катар жаңжалдар жана түшүнбөстүктөр келип чыккан.