Кыргызстанда дээрлик 25 миң медицина кызматкерине кошумча төлөм берилди

Кыргызстанда дээрлик 25 миң медицина кызматкерине кошумча төлөм берилди.

Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын

орун басары Акылбек Калыков билдирет. Анын айтымында, бул максатта фонддун

бюджетинен 233 миллион сом сарпталды. Алардын катарында дарыгер, орто жана

кенже медперсоналдар бар. Ошондой эле инфекциянын очогунда иштеген

дарыгерлерге жалпысынан 503 миллион сом жумшалды. Үй-бүлөлүк дарыгерлерге жана

медайымдарга эмгек акысына кошумча төлөм катары 167 миллион сом төлөнүп берилди.