Эттин чекене баасы жыл ичинде орточо эсеп менен 27 пайызга жогорулады

Эттин чекене баасы жыл ичинде орточо эсеп менен 27 пайызга жогорулады.

Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Бүгүнкү күндө уй этине болгон баа

республика боюнча 450 сомду түзөт. Көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мөөнөтүнө салыштырмалуу

89 сомго жогорулады. Анын ортосунда өлкө боюнча кымбат баалар Нарында – 460 сом,

Жалал-Абадда 458 сом, Кербенде жана Бишкекте бир килограмм уй эти 454 сомдон.

Минималдуу баалар Исфанада 409, Покровкада 420,

ошондой эле Баткен жана Ноокатта 430 сомдон сатылууда.