Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн тизмеси

Өлкө башчы Садыр Жапаров «Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

 

Кол коюлган жарлыкка ылайык, министрликтин башчылары кызматтан бошотулуп, кайра дайындалды:

 

Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы.

 

Түзүмү жаңыланган министрлер кабинетинин төрагасы болуп Улукбек Марипов дайындалган. Орун басарлары Артём Новиков, Улукбек Кармышаков, Жылдыз Бакашова жана Азамат Дыйканбаев болду.