Криштиану Роналду Португалия курамасындагы карьерасын улантат. 37 жаштагы футболчу учурда мыкты формада эместигин мойнуна алганы менен, командадан кетүү ниети жок экенин белгиледи.
Ал улуттук курамада 2024-жылкы Европ чемпионатына чейин калат. Эске салсак, 10-декабрда Португалия курамасы Марокко футболчуларына утулуп, дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыга албай калды.
Мундиалдагы 2 соңку беттеште башкы машыктыруучу Криштиану Роналдуну запаста калтырып койгон.