Кыргызстанда быйыл 59 миңге жакын окуучу 11-классты аяктайт.
Анын ичинен 1 миң 253ү артыкчылык аттестатына талапкер, — дешти
Билим берүү министригинен. Ал эми 9-классты бүтүрүүчүлөрдүн саны
104 миңге жакын. Коронавируска байланыштуу бүтүрүүчүлөр мамлекеттик
сынактарды тапшырбайт. Баалар бүтүрүүчүлөрдүн жалпы жетишкендиктерин
эске алуу менен коюлат. Кошумчаласак, быйылкы окуу жылы 30-майда аяктайт.