Колледжерде билим берүүнү жандантуу үчүн атайын алгоритм иштелип чыкты

Колледжерде билим берүүнү жандантуу үчүн атайын алгоритм иштелип чыкты. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, толук кандуу салттуу режимге бүтүрүүчү курстардын жана медициналык багытта билим алган студенттер гана кайтат. Ал эми калган курстарда окугандар практикалык жана лабораториялык сабактарга гана колледжге келет.

 

Лекциялар дистанттык негизде улана берет. Эске салсак, Кыргызстандын жогорку окуу жайлары жана колледждери өткөн жылдын март айынан бери аралыктан иштеп жатат.