Бишкекте быйыл 7 миңге чукул бүтүрүүчү мектепти аяктады

Бүгүн, 25-майда борбор калаанын 97 жалпы билим берүү мектептеринде 6 миң 980 бүтүрүүчүсүнө арналган жыйынтыктоочу класстык-сабак болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов онлайн режиминде бүтүрүүчүлөрдү куттуктады.

Ошондой эле калаа башчысы мугалимдерди окуу жылынын аякташы менен куттуктап, алардын жан аябас эмгегин жана жаш муундарды тарбиялоодо жана окутууда баа жеткис салымын белгиледи.

 

«Быйыл Бишкек шаарында 6 миң 980 бүтүрүүчү, анын ичинен 185 окуучу артыкчылык менен аяктап жатат, ал эми 9-классты 13 миң 431 окуучу аяктап, анын ичинен 377си артыкчылык күбөлүккө ээ болушат«, — деп жазылат маалыматта.