Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу бар.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, бүгүн, эртең абанын табы кескин
жогорулаганына байланыштуу Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 74-115-чакырым
аралыгында кар массасы түшүшү ыктымал. Жолдо тайгак болуп муз тоңот.
Айдоочулар унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты сактап, этият болушу керек.