Бишкекте ысык суу качан өчүрүлөт азырынча белгисиз. Ордо калаа мэриясынын маалыматына ылайык, суу берүү Орозо айттан кийин токтотулат, болжолу менен 17-майда.
Эске салсак, шаар тургундарынын батирлеринде ысык суу жыл сайын 1 айга өчүрүлөт. Адистер бул убакыт аралыгында суу түтүктөрүн оңдоо иштерин жүргүзөт.