ФИФАнын президенти Катардагы дүйнө чемпионатынын тайпалык баскычына баа берди

ФИФАнын президенти Джанни Инфантино Катардагы дүйнө чемпионатынын тайпалык баскычын тарыхтагы эң мыкты деп атады.

Ал оюндар мыкты сапатта жана супер стадиондордо ойнолуп жатканын белгиледи.

Күйөрмандардын колдоосу да функционердин көз жаздымында калган жок.

Орто эсеп менен ар бир беттеште 50 миңден ашык күйөрман болгон.

ФИФАнын башчысы ошондой эле тарыхта биринчи жолу бардык континенттердин командалары плей-оффко чыкканын кошумчалады.

Анын айтымында, бул — футбол чындап глобалдуу болуп баратканын көрсөтүп турат.