Кыргызстанда доллар улам төмөндөп жатат

Кыргызстанда доллардын баасы төмөндөп, айрым акча алмаштыруучу жайларда 84,55 сомдон сатылууда.

Бүгүн эртең менен саат 10:00дө Бишкектеги акча алмаштырган жайлардагы доллардын орточо баасы 84,75 сом болчу.

Доллар акыркы жолу бир жума мурда арзандаган. Ага чейин жыл башынан бери 84,9 бойдон кармалып турган.