Кыргызстанда доллардын курсу төмөндөп баштады

Кыргызстанда доллардын курсу төмөндөп баштады.

Бул тууралуу өлкөдөгү банктардын жана акча алмаштыруу жайларынын

маалыматынан көрсө болот.  Учурда америкалык валюта 89-90 сомдон

сатып алынып, кайра 90-91 сомдон сатылууда. Ал эми рублдун куну

1 сом – 1 сом 15 тыйын чегинде кармалууда. Эске салсак, кечээ чет

өлкөлөрдөгү кырдаалдан улам Кыргызстанда дагы чет элдик валюталар

сомго карата кескин кымбаттады. Доллар 95 сомго чейин жетсе,

рубль тескерисинче, арзандап 90 тыйынга барабар болду.