Талас облусунда трассанын боюнда жайгашкан мечиттер жабылат

Талас облусунда трассанын боюнда жайгашкан мечиттер жабылат.

Облус жетекчиси Марат Мураталиев билдиргендей, бир гана айыл аймагындагы

мечиттер ачык болот. Буга оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары чоң жолдордун

жээгиндеги мечиттерге кайрылгандары себеп болду. Ошондой эле трассаны бойлой

жайгашкан дүкөн ээлерине да жүк ташуучу айдоочуларды тейлөөдөн баш тартуу сунушталды.

Эми айдоочулар мечит жана дүкөндөргө кайрылбай тургандыгы тууралуу түшүнүк кат жазып

бериши керек. Мындан улам аларга тамак-аш, суу жана күйүүчү майды запастап алуу сунушталат.