Ордо калаада жакынкы арада жылуулук өчүрүү пландалбайт

Ордо калаада жакынкы арада жылуулук өчүрүү пландалбайт. “Бишкек жылуулук тармактарынан” белгилешкендей, метеорологдордун божомолу менен марттын 26сынан кийин аба-ырайы кескин өзгөрүп, Бишкекте, кар жаашы күтүлөт.

 

Эске салсак, адатта ордо калаада жылуулук сезону 1-апрелге чейин созулат. Бирок 5 күн катары менен аба табы +8 градустан жогору болгондо, аны өчүрүү чечими кабыл алынат.