Электр энергиясына карызы барларды мыйзамсыз эсептен чыгаргандар аныкталды

Электр энергиясына карызы барларды мыйзамсыз эсептен чыгаргандар аныкталды.

Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. «Ош электр», «Жалал-Абад электр»,

«Чыгыш электр» жана «Түндүк электр» ишканаларына 2016-20-жылдар аралыгында

дээрлик 900 миллион сомдук электр энергиясына болгон карыздар мыйзамсыз

эсептен чыгарылып, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген. Алсак, аталган

мекемелер тарабынан абоненттердин карыздарын сот аркылуу өндүрүү боюнча

чара көрүлгөн эмес. Ошондой эле жооптуу кызматкерлер өздүгү такталбаган,

көрсөтүлгөн даректе жашабаган абоненттерди карызы барлардын тизмесине кошуп,

алардан өндүрүүгө мүмкүн эмес деген негизде карыздарды эсептен чыгарышкан.

Аталган факты боюнча 4 кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.