Кыргызстанда дыйкандарга күйүүчү май алуу жеңилдетилди

Кыргызстанда жазгы талаа иштерине карата дыйкандарга күйүүчү май

алуу жеңилдетилди. Айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиев

novosti.kgге билдиргендей, ведомство Мунай ташуучулар ассоциациясы менен

бирге сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Учурда өлкө аймагында жазгы талаа иштерине

болгон күйүүчү майдын баасы 2-мартта бекитилген суммада сакталып турат.

Ал эми дыйкандар май куюучу түйүндөр станциясынан алса 40 тыйынга арзан берилет.

Ошондой эле керектөөчүлөр жамаат менен  нефтебазалардан алууда

дагы баа төмөндөтүлөт,  -деп ишендирди Керималиев.