Кыргызстанда гепатиттин В түрүнө каршы акысыз эмдөө башталат

Кыргызстанда жугуштуу вирустук гепатит оорусунун В түрүнө карата акысыз эмдөө башталат. Бул тууралуу 14-декабрда Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Россия Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбор Азиядагы инфекциялык оорулар менен күрөшүү боюнча программасынын алкагында Кыргызстанга гепатиттин В түрүнө каршы 450 миң доза вакцина берди. Бул 150 миң кыргызстандыкты акысыз эмдөөгө шарт түзөт.

 

«Эмделе тургандардын тизмеси такталууда. Улам-улам кан куйдурган бейтаптар, гемодиализ алгандар, орган алмаштыргандар, онкологиялык дарттар менен каттоодо тургандар, туберкулез, ВИЧ, гемофилия менен ооругандар, саламаттык сактоо тармагында иштегендер акысыз эмделет. Мындан тышкары жаза мөөнөтүн өтөп жаткандар, ийне менен маңзат сайынгандарга да эмдөө жүргүзүлөт», -деп жазылган билдирүүдө.

 

Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова 12-декабрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин отурумунда быйыл гепатиттин В түрү 2857 адамдан расмий аныкталганын айткан.

 

2020-жылдагы эсеп боюнча, өлкөдө жугуштуу гепатит 4805 адамдан аныкталган. 2019-жылы 6,6 миң кишиден табылган.

Бейөкмөт уюмдар сарыктын «В» түрүнө чалдыккандар жүз миңдеп санала турганын айтып, ага каршы жапырт эмдөө жүргүзүүнү талап кылып келишет.

Гепатит — боордун сезгенишине алып келген жугуштуу оору. Анын «А, В,С» түрлөрү бар. «А» түрү эл арасында сарык деген ат менен тараган. Калган эки формасы кан аркылуу жугат.