Кыргызстан коронавирусту изилдөө үчүн вакцинанын документтерин алды.
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин айтымында,
бул америкалык препарат. Жалпысынан биздин өлкө вакцинанын 8 түрүнүн документин
карайт жана анын бирин тандап алышы керек. Үсөнбаев белгилегендей, жеткирүү маселесин,
сактоо шартын, кандай шприцтер пайдаланылат, муздаткычтын түрүн жана
башка шарттарды карап чыгуу зарыл.