Кыргызстанда коронавирустан жалпысынан 9,5 миңден ашык адам эмделди. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, вакцина алгандардын көбү Ош облусуна туура келет – 4 миң 300.
Эң аз Баткен облусунда, болгону 367 адам эмделди. Эске салсак, Кыргызстанда массалык эмдөө 29-мартта башталды.
Бул максатта кытайлык вакцина сатылып алынган. Вакцинаны алгач мугалимдер, дарыгерлер, милиция кызматкерлери жана улгайган адамдар алып жатат.