Кыргызстанда ишкерлерге пайызы жок каражат берилүүдө

Кыргызстанда ишкерлерге пайызы жок каражат берилүүдө.

Өкмөт былтыр күздөн тарта чакан жана орто бизнестеги ишкерлерге 1 миллиондон 3 миллион сомго чейин пайызы жок кредит берди.

Каражат алуу үчүн ишкерлер мыйзамдуу иштеп, акыркы 6 ай ичиндеги патенти болушу зарыл.

Насыя өлчөмү 250 миң сомдон ашса күрөө коюлат.

Долбоор пандемия учурунда кризистен кыйналган ишкерлерди ар тараптан колдоо, жумуш орундарын сактап калуу жана ишканалардын өнүгүшүнө түрткү берүү максатын көздөйт.