Эки айда пландан тышкары 371 миллион сом камсыздандыруу төлөмдөрү чогултулду

Салык кызматы эки айда пландан тышкары 371 млн. сом камсыздандыруу төлөмдөрүн чогултту. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Январь-февраль айларында 6 млрд. 671 млн. сом камсыздандыруу төлөмдөрү чогултулган. План 5,9 %га же 371 млн. сомго ашык аткарылган.

2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 млрд. 74,1 млн. сомго көп жыйналган.

 

18-январда президент Садыр Жапаров жаңы Салык кодексине кол койгон.

Президенттин администрациясы Салык кодексинин максаты салык системасынын туруктуулугун камсыздоо, салыктык жол-жоболорду санариптештирүү, ишкердикти жүргүзүүдө бирдей шарттарды түзүү жана көмүскө экономиканы кыскартуу экенин билдирген. Бирок адистер жаңы салык кодекси ишкерлердин ишине тоскоолдук кыларын, алардын сунуштары эске алынбай калганын айтып чыгышкан.