Кыргызстан Азия өнүктүрүү банкынан 80 миллион доллар алат

Кыргызстан Азия өнүктүрүү банкынан 80 миллион доллар алат.

Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.

Документке ылайык, 69 миллион 300 миң доллар насыя катары 24 жылга берилет,

калган 10 миллион 700 миң доллары грант катары ыйгарылат.

Каражат бюджетти колдоого багытталат.