Бишкекте кечээ аба табы рекорддук 25 градуска чейин жылыды

Бишкекте кечээ аба табы рекорддук 25 градуска чейин жылыды. Бул нормадан 14 градуска жогору. pogodaiklimat.ru порталынын маалыматына ылайык, февралдын эң ысык күнү деп аталуу үчүн кечээ болгону жарым градус жетпей калды.

 

Эске салсак, андай күн 2016-жылы катталган. Анда февралдын 26сында аба табы +25,4 градусту көрсөткөн.

 

Ал эми кечээки рекорд экинчи орунга жайгашты.