Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун мөөнөтү 1-сентябрга чейин узартылды

Физикалык жана жеке жактардын бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун мөөнөтү 1-сентябрга чейин узартылды. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

 

Айрым аймактарга өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу республикалык штабдын чечими менен салык төлөөчүлөр үчүн бир катар салыктык жеңилдетүүлөр киргизилүүдө.

 

Мамлекеттик салык кызматы айрым учурларды кошпогондо ишкерлик субъектилерин салыктык текшерүү ишин, ошондой эле буга чейин башталган көчмө текшерүү жумуштарын токтотмокчу.