Жаңы биометрикалык паспорттор келе жаткан жылдын апрель айында бериле баштайт

Жаңы биометрикалык паспорттор келе жаткан жылдын апрель айында бериле баштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Батырканов билдирди.

 

Анын айтымында, документтин бир бетине атайын технология менен гана көрүүгө мүмкүн болгон чип орнотулат. Аны менен чет өлкөгө виза алуу бир топ жеңилдейт.

 

Паспорттун дизайнында Кыргызстандын ар бир облусунун символу болгон элементтер менен катар кыргыздын улуттук музыкалык аспаптарынын, архитектурасынын, тарыхый эстеликтеринин сүрөтү камтылган.