Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы туруктуу аба каттам 20-сентябрда жанданат.
Бул тууралуу Республикалык штаб жарыялады. Ага ылайык, Алматы — Бишкек — Алматы каттамы жумасына эки ирет,
шейшемби жана жекшемби күндөрү аткарылат. Эске салсак, буга чейин 17-сентябрдан тартып Кыргызстан менен
Казакстандын ортосунда туруктуу аба каттамдардын жанданары айтылган.