Кыргызстанда күйүүчү май рыногундагы абал туруктуу

Кыргызстанда күйүүчү май рыногундагы абал туруктуу.

Бул тууралуу novosti.kgге Мунай ташуучулар ассоциациясынын башчысы Канат Эшатов билдирди.

Анын айтымында, буга чейинки божомолдорго ылайык, октябрь айында бензинге болгон баа мурдагы

боюнча калууда. Ал эми кийинки айдагы баалар, Россия заводдору бааларды айткандан кийин

ноябрдын башында белгилүү болот. Кошумчаласак, бүгүнкү күндө 92-бензиндин наркы орточо эсеп менен

33 сом 40 тыйын, ал эми дизелдик отундун литри максималдуу баасы 33 сом 50 тыйын.